7-февралда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында 16-январда болгон авиакырсыктан жалгыз калган Султан менен Жакшылык үчүн кайрымдуулук концерти өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 31-январда "Kyrgyz Union" жаштар бирикмесинен билдиришти.
"Концертте А.Жумакматовдун симфониялык оркестрин Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Рахат Осмоналиев жетектеп, көркөм жетекчиси да, башкы дирижёру да болот. Ошондой эле эл аралык сынактардын лауреаты Айдаана Аматова да фортепианодо ойнойт. Кайрымдуулук концертинен түшкөн каражат Султан менен Жакшылыктын үй-бүлөлөрүнө берилет", - деп билдирди бирикменин өкүлү Алтынай Жылдызбекова.
Кечеде Амадей Моцарт, Камиль Сен Санстын чыгармалары жана дагы башка көптөгөн классикалык музыкалар жаңырары белгилүү болду.