Эл аралык "Freedom House" уюму 31-январда жылдык докладын жарыялады. Анда Кыргыз Республикасы автократиялык өлкө катары белгиленет. 2016-жылы саясий жана экономикалык туруктуулук жок болуп турган шартта Кыргыз Республикасында, Тажикстанда жана Азербайжанда бийликти бекемдөө кадамдары жасалганы белгиленет уюмдун маалыматында.
Кыргыз мамлекети Армения, Молдова, Украина, Грузия өлкөлөрү сыяктуу "жарым-жартылай эркин" мамлекеттердин катарына кирди. Ал эми Орусия, Беларусь, Азербайжан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан “эркин эмес” өлкөлөр деп табылды.
2015-жылдын жыйынтыгы боюнча да "Freedom House" уюму Кыргыз Республикасын "жарым-жартылай эркин" деп тапкан.