Эртең, 15-ноябрда Улуттук консерваторияда Бишкектин жаңы конуштарындагы балдар үчүн акысыз концерт уюштурулат

Бишкек шаарында "Роза Отунбаеванын демилгеси" эл аралык коомдук фонду, Улуттук консерваториянын, Бишкек мэриясынын демилгеси менен жаңы конуштардагы балдар үчүн акысыз концерт уюштурулат. Концерт "Саламатсыңбы, Оркестр?" деп аталып, Улуттук консерваторияда 15-ноябрда саат 15:00дө өтөт. Иш-чарада катышуучулар оркестрдин аткаруусунда бир катар белгилүү музыкаларды уга алышат. Жагымдуу музыка, ыр жаш балдарды мекенди сүйүүгө, каада-салтты урматтоого, табият кооздугун сезүүгө көмөкчү болот дешет уюштуруучулар. Концертти экс-президент Роза Отунбаева ачып бермекчи.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан