Мындан 110 жыл мурун, 1907-жылы 1-февралда Алай ханышасы Курманжан датка Оштун жанындагы Мады кыштагында көз жумуп, сөөгү Оштогу Сары-Мазарга коюлган.
Курманжан датка 1811-жылы Ош шаарынын жанындагы Ороке кыштагында туулган. Алайдагы кыргыздардын башкаруучусу. Муңгуш уруусунун жапалак уругунан. Жаш кезинен эле өз оюн бетке айткан, акыл-эси башкалардан өзгөчөлөнүп турган, намыскөй кыздардан болгон. 17 жашка чыкканда атасы Маматбай аны кудалашып койгон 500 түтүндүү жоош уруусунун Төрөкул деген бийинин Кулсейит деген уулуна турмушка берген. Бирок күйөөсү көңүлүнө толбогон Курманжан мезгилинин катаал мыйзамына каршы туруп, бир жылдан кийин Үч-Таш жайлоосунан атасынын үйүнө келе берет да, үч жыл чамасында башы бош отуруп калат. 1832-жылы 21 жашында баргы уруусунун бийи Алымбек датка менен кокусунан жолугуп, көп узабай ага турмушка чыккан. 29 жыл чогуу жашап, беш балалуу болгон. Курманжан датка Алымбек датка Асан бий уулуна турмушка чыккандан баштап мамлекеттик жана коомдук иштерге аралаша баштаган. Көп жылдар бою Алымбек датканын таасирдүү кеңешчиси, жардамчысы жана насаатчысы болгон. Алымбек датка ордодо, Кашкарда саясий маселелер менен алектенип жүргөн мезгилдерде анын милдетин да кошо аркалаган. Ошол кезде эле анын атагы Кокон хандыгы эле эмес, коңшу Бухара эмирлигине, атүгүл алыскы Орусия серепчилерине да дайын болгон.
1862-жылы Кокон хан сарайындагы козголоңчулар тарабынан Алымбек датка өлтүрүлгөндөн кийин Алайдагы башкарууну биротоло өз колуна алган. Ошол эле жылы Бухара эмири Сейит Музаффар Эддин Алай тараптагы кыргыздардан Кокон хандыгына таяныч издөө максаты менен Ошко чейин аскерлери менен келген. Курманжан аларды өгөй уулу Жаркынбай жана башка балдары, туугандары менен Оштон кастарлап тосуп алган. Эмир Алымбектин ордун басчу адамга датка наамын ыйгарууну көздөгөн. Алгач бул наамды Курманжандын пикири боюнча ата баласы деп ошол кезде Ош вилаетинин акими болуп турган Жаркынбайга сунуш кылышкан. Бирок Жаркынбай бул даражадан караманча баш тартат. Ошентип, Музаффар менен Кокон ханы Кудаяр Курманжанга датка наамын ыйгарууга аргасыз болушкан. Ушул окуядан кийин Курманжан "датка" аталып, хандыктын саясий иштерине аралашкан, ордодо жолугушууларды өткөрүп, ханга кеңеш айта алган.
Орус бийлигинин Алайды каратып алуу аракети жүрүп жаткандыгын билген Курманжан датка Ооганстандын Памирине шашылыш көчүп кетип жаткан жерден майор М.Е.Ионовдун кошууну датка айымды колго түшүргөн. Курманжан датка каршылык көрсөтпөстөн, М.Е.Ионовдун генерал Скобелевге жолугуу жөнүндөгү талабына макул болгон. Бир топ бийлердин коштоосунда кичүү уулу Камчыбекти, небереси Мырзапаясты алып, Чоң-Алайда өргүү алып жаткан М.Д.Скобелевдин лагерине түшкөн. Генерал М.Д.Скобелев Курманжан датканы сый-урмат менен тосуп алып, алтын чөйчөктү белекке берип, парча чапан жапкан. Курманжан датка туткун абалына карабастан өзүн салабаттуу кармап, акылдуу жана терең сөздөрү менен таң калтыргандыктан генерал М.Д.Скобелев орус бийликтерине Курманжан датка жөнүндө маалымдаган рапортторунда ага "Алай ханышасы" деген наам ылайык келерин жазган. Сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында Курманжан датка орус бийликтерине багынгандыгын билдирген жана балдарын мурунку жайларына көчүрүп келүүгө, алайлыктарды орус букаралыгын кабыл алууга көмөктөшүүгө мажбур болгон.
1876-жылы күзүндө Кабулдан Курманжан датканын Абдылдабектен башка балдары Мамытбек, Асанбек, Батырбек келишет да, Ошту, Өзгөндү, Кичи-Алайды, Ноокатты башкарып, кан төгүшүү токтоп, тынчтык орногон. Курманжан датка Алай ханышасы катары таанылып, кийинчерээк Скобелев, Ош уездинин башчысы Ионов, Түркстан крайынын генерал-губернатору Кауфман, Черняев, ал турсун Орусиянын келечектеги согуш министри Куропаткин сыяктуу адамдар менен жакшы мамиледе болгон. Кай бир учурларда орус бийлигинин зөөкүрлүгүнө каршы да каттарды жазган. 1895-жылы уулу Камчыбек дарга асылган мезгилде, куралчан орус жазалоочуларынын элди кырып жиберүүсүнөн кооптонуп, тагдырга моюн сунууга аргасыз болгон. Орусия колониялык бийликтеринин адилеттүүлүгүнөн үмүтүн таптакыр үзгөн жана 20-кылымдын башында саясатка аралашпай калган.
1-февралга карата жылнаама.