ЖЫЛНААМА, 1-ФЕВРАЛЬ: 86 жыл мурун Орусиянын биринчи президенти Борис Ельцин төрөлгөн

Мындан 86 жыл мурун, 1931-жылы 1-февралда Орусиянын биринчи президенти Борис Ельцин Сибирдеги алыскы айылдардын биринде туулган. 30 жашында Коммунисттик партияга мүчө болуп кошулган Ельцин Свердловск облусунда улам бир партиялык тепкичке көтөрүлүп отуруп, 1985-жылы Михаил Горбачёвдун колдоосу астында Москвага келген. Москва шаардык Коммунисттик партиясынын башчысы болуп туруп, 1987-жылы партиянын Борбордук комитетинин мүчөлөрүн ачык сындап, жыйындан чыгып кетип, кызматынан бошотулган.

1990-жылдын май айында Орусиянын Жогорку Кеңешинин төрагасы болуп шайланып, андан бир ай өтүп-өтпөй СССРдин алкагында Орусия көз карандысыздыгын жарыялаган. Кийинки айда Ельцин Коммунисттик партиядан чыгып, бир жылдан кийин ал Орусиянын алгачкы президенти болуп шайланган. Борис Ельцин көпчүлүктүн эсинде 1991-жылдын август айында Советтер Союзун кайра "тирилтмекчи" болгон "ПУТЧ" деген атка конгон төңкөрүштү жеңип, Кызыл аянтта танктын үстүнө туруп алып сүйлөгөнү тарыхта калган.
Анын бийлиги тушунда Орусияда эки жолу мамлекеттик төңкөрүш боло жаздап, Чеченстанда эки ирет согуштук аракеттер башталган. Элдин баары 2000-жылды тосууга камданып жатканда, күтүүсүздөн өз бийлигин Владимир Путинге өткөрүп берип баса берген Ельцин: "Бүгүн мен силерге акыркы жолу Орусиянын президенти катары кайрылып жатам. Мен чечим кабыл алдым. Ага узак жана татаал ойлордон кийин бардым. Үстүбүздөгү кылымдын акыркы күнү мен кызматымдан кетип жатам", - деген.
Ушинтип 1999-жылдын акыркы күнү бийлигин өз ыктыяры менен өткөрүп берген Ельцин андан кийин Москванын четиндеги мамлекеттик дачада бейкапар жашоо сүрүп келген. Ал көптөн бери жүрөк оорусунан жабыр тартып, татаал операция да жасаткан. Ельцин башкарган жылдар Орусия тарыхындагы эң татаал, опурталдуу учурлардын бири болгону алгачкы президент көз жумган соң анык сезилген. Б.Ельциндин ден соолугу кескин начарлап кетип, 76 жаш курагында, 2007-жылы 23-апрель күнү дүйнө салган.

1-февралга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан