Акыйкатчы Дүйшөмбү шаарында элеттеги аялдардын укуктары тууралуу баяндама жасайт

Акыйкатчы Турсунбек Акун Тажикстандын Дүйшөмбү шаарында 29-30-апрелде өтүүчү конференцияда элеттеги аялдардын укуктары тууралуу баяндама жасайт. Мындай маалыматты бүгүн, 29-апрелде Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, конференцияга катышууга Борбор Азия өлкөлөрүнүн мамлекеттик түзүмдөрүнүн 80ден ашуун өкүлдөрү, коомдук лидерлер, юристтер жана эл аралык эксперттер чакырылган. Ошондой эле кыргыз акыйкатчысы конференциянын пленардык жыйындарынын биринде талкуудагы тема боюнча баяндама менен чыгууга ниеттенүүдө. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан