Бишкек ШИИББи: Терезеден боюн таштаган окуучунун өлүмүнүн "Тихий дом" оюнуна тиешеси бар-жогу такталууда

Терезеден боюн таштап каза тапкан окуучунун өлүмүнүн "Тихий дом" оюнуна тиешеси бар-жогу такталууда. Бул тууралуу бүгүн, 1-февралда SUPER.KG порталына Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

Кырсык боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Азыркы тапта каза болгон окуучунун мугалимдери жана классташтары суралууда.

Бишкек шаарында 1-февралда эртең менен 8-класстын окуучусу терезеден боюн таштап каза болду. Ал №12-мектептин окуучусу экени белгилүү болду.

Белгилей кетсек, "өспүрүмдөрдү өлүмгө түртөт" делген интернет оюн Кыргыз жергесинде жайылып баратканы тууралуу маалымат пайда болгон. Бул оюн учурда ВКонтакте жана Инстаграм колдонуучуларынын арасында ойноло баштады. Оюнчулар өздүк баракчасына #Разбудименяв4:20, #синий кит, #явигре, #тихийдом, #хочувигру, #F57, #ждуинструкцию деген хештегдерди жазып, киттин сүрөтүн илишет. Андан соң ага кимдир бирөө байланышка чыгып, 50 күн бою ар кандай буйруктарды берет. Оюндун эрежеси боюнча, акыркы күнү оюнчу же асынып, же бийиктиктен секирип өз жанын кыйганда гана жеңишке жеткен болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
rusi0005
2017-02-01 11:32:12
Азыр аркандай интернетде оюдар кобоюп кетти, мукун болушунча мамлекет жаш балдар ойной турган оюундар козомолго алыш керек, туура эмес оюндарды жабыш керек
+1
dastan_2016
2017-02-01 11:49:21
1-ден 8 кл окуса ал игра оюнду тушунбойт
2-ден Каза болгон демек бийиктиги бийик болгон
3-дон Ал играны деп бийиктиктен озун таштабайт духу журогу да жетпейт
Мындай болсо башка себептери эмнеге болушу мумкун эмес тактоо керек
-10
nurizka..
2017-02-01 12:38:53
dastan_2016,азыр 8 класстагы эмес 4 жаштагы бала интернетти тытып жатпайбы
+3
Mekush87
2017-02-01 12:25:20
Кудай сактай гооор.Не деген заман болуп баратат.Мындай кырсыктар окуучулар арасында коп болуп кетти,тезинен чара коруш керек.
0
omka100514
2017-02-01 12:31:02
Шайтандын азгырыгы, интернеттин кенен жайылуусу, азыркы балдарга бир сөз жетпейт эки сөз ашыкча болуп калды. Бир сөз сүйлөсөң эле өлөм деп коркутушат
+1
Shef87
2017-02-01 13:09:46
omka100514,бир жарым соз норма
+2
Beka95
2017-02-01 19:45:18
Бул оюн силер ойлогончолук оной эмес. Бул оюн чын эле коопту. Эмне тапшырмаларды бериши аныкталды. Маалымат боюнча оюнга ойноп жаткан балага 50 чу куну озунду олтур, болбосо ата эненди,жакындарынды олтуробуз , артка жол жок деп ата энесини дарегин тел номеринен бери жазып жонотушот экен. Ошондон улам кээ бироолор озун олтургонго мажбур болушат экен. Менин озумдун чон эле жакын досум "я в игре" деп инстограммга киргизип алган экен.Мен очур деп атып очурткузуп салдым.
0
sabira.199890
2017-02-01 22:10:37
Инстаграмда журушот го синий кит, тихий дом деп
0
akush97
2017-02-01 22:17:48
кудай сактайгор шумдук.
0
Ramzan1982
2017-02-02 00:17:20
психический эпимеди телевизор интернет арклуу таратып жатышатта серезна киришпесе болбойт
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан