“Кумтөр” боюнча маселени тезинен чечүү керек. Себеби ал Кыргызстандын инвестициялык климатына терс таасирин тийгизүүдө”, - деди Швейцария Конфедерациясынын Тышкы иштер федералдык департаментинин мамлекеттик катчысы Ив Россье. Анын айтымында, “Кумтөрдө” канчалык деңгээлде эреже бузулганын аныктоо керек. “Бул маселеде мыйзамдуулук биринчи орунда болуусу керек”, - деди ал. Өз кезегинде биринчи вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев “Кумтөр” боюнча маселе эл аралык практикага ылайык чечиле тургандыгын билдирди.