Жусупали Исаев Баткендин Ак-Сай айылында болуп, элдин талабын жогору жакка жеткирүүгө убада берди

Жогорку Кеңештин депутаты Жусупали Исаев Баткен облусундагы Ак-Сай айылынын тургундары менен жолугушуу учурунда "мындайда тирешүү эмес, сабырдуулук жеңип чыгат" деп билдирди. Депутат 27-апрелдеги кыргыз-тажик жаңжалынан кийин аталган аймакка барган. Чек ара көйгөйлөрүнө токтолгон эл өкүлү буларды кошумчалады:  

 

"Кызуулук менен тополоң салып, коңшулар менен тирешүү аркылуу эч нерсе чечилбейт. Бардык талашты мыйзам жана тактык гана жеңет. Мен сиздердин талабыңыздарды президентке, Жогорку Кеңешке, өкмөт башчысына жеткирем".

Айта кетсек, эл менен жолугушууга Ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов жана жергиликтүү бийликтин жетекчилери да катышты.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан