8-класстын окуучусу: "Синий кит" тууралуу билем, мектепте балдар ойношот"

Бүгүн, 1-февраль күнү саат 05:00 чамасында Бишкектеги Чыгыш-5 кичи районундагы №13/2-үйүндө 8-класстын окуучусу 5-кабаттан боюн таштап каза болгон. Анын өз өмүрүнө кол салуусуна социалдык тармактардагы "Синий кит" оюну себеп болгону айтылууда. Оюндун эрежесине ылайык, 50 күн кимдир бирөөлөр тарабынан берилген тапшырмаларды аткарып, акырында жеңишке жетиш үчүн өз өмүрүнө кол салуу керек.

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы баланын өз өмүрүнө кол салуусуна дал ошол интернеттеги кооптуу оюн себеп болгонун айта элек. Азырынча иликтөө иштери жүрүп жатканын билдиришти.

Ал эми атын атагысы келбеген 8-класстын окуучусу: "Окуя саат төрттөн өткөндө болду окшойт. Сыртта ызы-чуу болгонунан улам ойгондум. Болжол менен саат 04:40 чамасында ата-энем окуя болгон жерге чыгып кетишкен. Мен терезеден карап турдум. Кийин "Тез жардам", милиция кызматкерлери келип алып кетишти", - деди.

Ошондой эле андан "Синий кит" оюну тууралуу сураганыбызда, ал боюнча кабары бар экенин, мектептеги тааныш балдары ойноп жүрүшкөнүн айтты.

8-класстын окуучусу терезеден боюн таштап каза тапты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
aseras
2017-02-01 16:33:07
Шумдугун кургур!Кандай оюн бул адамды олумго чейин алып барган...ишене албайм.Тообо кылдым
+4
Seiil.94
2017-02-01 16:34:56
Кайран Кудай берген омур
+4
Stervamyn
2017-02-01 16:38:09
Акыркы кундору суициддер коп болуп жатат.Жумушта бир эженин баласынын классташы,кечээ асынып олуп алыптыр.Болгону 13 жашта.Ошого балдарды интернетке жакын жолотпош керек.Ата-энелер балдарын эркелетип крутой телефон,планшет,компьютерлерди алып беришет.Илгери биз интернетсиз эле чонойгонбуз.Азыр заман ото коркунучтуу болуп калды
+6
jike
2017-02-01 16:48:11
мамлекет тез аранын ичинде интернеттеги оюндарга чектоо киргизиш керек. Мындай кооптуу оюндарды окуучулар ойной баштаган тез эле таркап кетет
+9
Omush94
2017-02-01 21:28:52
jike,туура акылы жеткен депутат болсо бул маселти которур чыкмак
+1
engel
2017-02-01 17:08:11
Ushul oiundardy oilop tapkandardyn maksaty emne boldu eken? Baldardy olturdu i che dal'she? Eeh korkom men da korkoom baldarym uchun.
+2
glaz_almaz
2017-02-02 09:32:14
engel,алардын ою боюнча дуйнону "ненормальный" адамдардан тазалап жатышат экен имиш. Россияда ошол оюндун бир организаторун кармашса, ошентип айтыптыр.
0
aidinaernur
2017-02-01 17:18:06
Максат Эмне деген суроо да
0
isnur93
2017-02-01 17:40:45
Танкы 4то,Ал убакта бала мектепте эмне кылып жургон?
-5
Sema87
2017-02-01 19:47:57
После смерти, человек ничего уже не может изменить. Ни передумать, ни вернуться обратно, ни покаяться, ничего...Если убьешь себя, то полетишь пулей в ад. Там вечность!!!
Из миллиардов людей, которые там находятся, ни один бы не хотел там оставаться и секунды. Каждый бы хотел вернуться на землю хотя бы на 1 минуту, чтобы изменить свою жизнь, прожить самую ужасную жизнь, претерпеть самые тяжелые страдания и боль, но лишь бы не вернуться в ад.
+1
abdrakhmanovich
2017-02-01 21:02:12
Откоол куракта эмнени тушунот. Каттуу айтсан капа болуп башка жаман нерсе кылып коюшу мумкун, акырындык менен тушундуруу керек. Аллах таалам кечирсин..
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан