"Боордоштор" көрүстөнүндө Жеңиш күнүнө карата эскерүү митинги өтөт

3-майда саат 10:00дө Бишкектеги "Боордоштор" көрүстөнүндө Улуу Жеңиштин 68 жылдыгына арналган эскерүү митинги өткөрүлөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет. Иш-чарага Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери, Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов, Орусия, Украина, Беларусь, Казакстан жана Молдова өлкөлөрүнүн Кыргызстандагы элчилери катышат. Согуштун ардагерлерине, тылдын эмгекчилерине, концлагер туткундарына материалдык жардамдарды көрсөтүү максатында Биринчи Май райондук администрациясы тарабынан 350 миң сом бөлүнгөн. Белгилей кетсек, Улуу Ата Мекендик согуштун 248 катышуучусунун сөөгү аталган көрүстөнгө коюлган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан