Кербен шаарынын мэрлик кызматына Нарматалы Эсеналиев шайланды

Кербен шаарынын жаңы мэри шайланды. Бул тууралуу бүгүн, 1-февралда SUPER.KG порталына Кербен шаардык мэриясынын кызматкери Эсен Багышбеков билдирди.

"Кербен шаардык кеңешинин 31 депутаты толугу менен шайлоого катышты. Шайлоонун жыйынтыгында Кыргызстан социал-демократтар партиясынан ат салышкан Нарматалы Эсеналиев 18 добуш алып, жеңишке жетишти. Ал эми "Республика-Ата Журт" партиясынан көрсөтүлгөн талапкер Жеңишбек Өмүралиев 13 добуш алган", - деп билдирди Багышбеков.

Маалыматка ылайык, Нарматалы Эсеналиев буга чейин Кербен шаардык мэриясында көп жылдар бою эмгектенип келген. Акыркы 4 жыл аралыгында жер адиси болуп иштеп келген. Ал эми буга чейин мэрдин кызматын аркалап келген Абдымалик Апсаматов шаар мэрлигине ат салышкан эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
ainur78007
2017-02-01 23:50:51
Жездебизди куттуктайбыз!!!Кербен шаарын гулдоткон,шаарыбыздын эли сыймыктанган мэр болунуз.Аллахым сизди колдосун!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан