Кыргыз Республикасынын Орусия Федерациясындагы элчилигинин маалыматы боюнча, Варшава шоссесинин 23-чакырымындагы жол кырсыгында каза болгондордун арасында Кыргыз жараны жок. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, унаалардын биринин айдоочусу - Кыргыз жараны кырсыктан жаракат алган. Ал Москва шаарындагы №1-ооруканага жеткирилген.
Эскерте кетсек, бүгүн, 1-февралда Орусиянын Москва шаарында орун алган жол кырсыгынан 9 адам каза болуп, 3 адам жаракат алганы жазылган.