Михаил Васильевич Фрунзе 1885-жылы 2-февралда Пишпек шаарында фельдшердин үй-бүлөсүндө туулган. 1896-жылы ал Верныйдагы эркектер гимназиясына тапшырып, аны алтын медаль менен аяктаган. 1904-жылы Петербургдагы Политехникалык институттун экономикалык факультетинде окуп жүрүп революциялык иштерге аралашкан. Бир нече жолу революциялык иштери үчүн камакка алынган. Октябрь революциясынан кийин Жарандык согуш мезгилинде Чыгыш фронтун, Түркстан, Түштүк фронтторун жетектеген. 1924-жылы СССРдин Аскер жана деңиз министри болуп дайындалган. Михаил Фрунзе 1925-жылы 31-октябрда 40 жашында операция учурунда каза тапкан.