30-апрелде Бишкек шаарынын бир катар аймактарында газ берүү токтотулат. Бул тууралуу шаардык "Газ чарба" ишканасы билдирди. Маалыматка ылайык, Новопавловка айылындагы газ түтүгүндө тешик табылып, учурда аны калыбына келтирүү иштери жүрүүдө. Буга байланыштуу 30-апрелден 3-майга чейин Ала-Тоо жаңы конушунда, Фрунзе-1 аба майданында жана Новопавловка айылында газ берүү токтотулат.