Интернет колдонуучусу 21 жаштагы инисин Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынын эки кызматкери сабаганын жазды. Анда окуя 29-январда "Оливье" кафесинин жанында болгону айтылат.
"Иним башынан катуу жабыркады. Учурда ал ооруканада, абалы оор. Милицияга, прокуратурага арыз жаздык, бирок алар ишти жапканга аракет кылышууда", - дейт интернет колдонуучусу.
Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгына кайрылганыбызда, окуянын болгонун тастыкташты.
"Алар Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынын эмес, Аламүдүн РИИБинин кызматкерлери экен. Алар кармалып, иш прокуратурага жөнөтүлдү", - дейт Бишкек ШИИББинин басма сөз катчысы Олжобай Казабаев.