2012-жылы “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын жалпы кирешеси 584 миллион 252 миң сомду түзгөн. Бул тууралуу аталган ишкананын басма сөз катчысы Эркин Каимов билдирди. Айтымында, бул каражаттар жүк ташуу жана жүргүнчүлөдү ташуу аркылуу түшкөн. Ошондой эле өткөн жылы жүк ташуунун көлөмү 115,6 пайызды түзгөн.