27-апрелде Бишкектин Биринчи Май районунун аймагында өткөн ишембиликте 12 метр куб таштанды чыгарылды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Ишембиликтин жүрүшүндө Фрунзе, Жибек Жолу, Тыныстанов, Буурдинская, Темиров, Байтик баатыр, Кулатов, Л.Толстой, Фатьянов көчөлөрү тазаланып, 1000 түп бак-дарак акталды. Иш-чарага Билим берүү жана илим министрлигинин, Биринчи Май районунун Социалдык фонд башкармалыгынын жана “Тазалык” ишканасынын өкүлдөрү катышкан.