Кыргызстанда үй-бүлөлүк ажырашуулардын көрсөткүчү өсүүдө. Бул тууралуу КРнын улуттук статистика комитетинин маалымат кызматы билдирет. Үстүбүздөгү жылдын январь, февраль айларында никелешүүгө каттоого тургандардын саны 9093 адамды түзгөн. Бул көрсөткүч 2012-жылга салыштырмалуу 796 түгөйгө көп. Ал эми былтыр январь, февраль айларында ажырашуулардын саны 1404 жупту түзсө, быйыл бул көрсөткүч 1515 болгон. Маалыматка таянсак, быйылкы жылдын алгачкы 2 айында никелешүүгө каттоого тургандардын саны боюнча Ош облусу алдыда. Экинчи орунда Жалал-Абад, 3-орунда Чүй облусу болду.