1 аптада УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматына 96 адам кайрылды

22-апрелден 27-апрелге чейин УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын коомдук кабылдамасына 96 адам кайрылган. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирет. Мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарынын иши боюнча нааразы болгон 20 арыздануу түшкөн. Ал эми укук коргоо кызматкерлери боюнча 16, Саламаттыкты сактоо, Билим берүү жана илим министрликтерине байланыштуу 7, энергетика тармагы боюнча 6, сотторго байланыштуу 3, мамлекеттик каттоо органдарына 14, фискалдык органдарга 3, насыя берүүчү мекемелерге 2 жана башка маселелер боюнча 28 арыз түшкөн. Аталган кызмат тарабынан чара көрүү үчүн министрликтерге жана мекемелерге 35 арыз жолдонду. Ал эми калган арыздар боюнча иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан