"Баткен облусундагы чек арачылардын аймактык башкармалыгы күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат". Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, аталган кызматтын өздүк курамынан кырдаалга көзөмөл жүргүзүү жана чукул кырдаал жаралса ыкчам аракет көрүүгө ылайыкталган атайын топ түзүлдү. Ошондой эле Тажикстандын чек ара кызматы менен өз ара алака түзүлдү.
Эске сала кетсек, 27-апрелде Баткендин Ак-Сай айылында Кыргызстан менен Тажикстандын жарандарынын ортосунда чыр-чатак чыккан. Анын себеби 10-апрелде Ак-Сай - Тамдык унаа жолунун курулушунун башталышы болгон.