Жогорку Кеңештин "Республика-Ата Журт" фракциясынын 3-февралдагы отурумунда "Жогорку Кеңештин депутаттарын жана президентти шайлоо жөнүндө" мыйзам долбоору талкууланууда.
Анын жүрүшүндө фракция лидери Өмүрбек Бабанов административдик ресурсту колдонуу добуш сатып алууга тете экенин айтты. "Жакында биз добуш сатып алууга тиешеси бар адамды кылмыш жоопкерчилигине тартуу тууралуу мыйзамды кабыл алганбыз. Бирок кол алдындагы кызматкерлерди бийликтеги партияга добуш берүүгө милдеттендирген чиновниктер мыйзам боюнча жоопко тартылбайт. Ошондуктан биздин сунушубуз: административдик ресурсту колдонгон мамлекеттик кызматкерлерди бир гана жоопко тартпай, аларды кызматтан кетирүү керек. Ошондо оппозициядагы жана бийликтеги партиялар үчүн бирдей шарт түзүлөт. Мугалимдер, дарыгерлер, аскерлер каалаган партияга добуш беришет", - деп түшүндүрдү Бабанов.