Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев бүгүн, 29-апрелде ЕККУнун Бишкектеги борборунун башчысы Сергей Капиносту кабыл алды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Жолугушуу учурунда тараптар Кыргызстандагы укук коргоо органдарын реформалоо тууралуу пикир алышты. Сергей Капинос Кыргызстанда аталган реформаны жүргүзүүдө, экологияны сактоодо жана өлкөгө инвестиция тартууда ЕККУ колдоо көрсөтөрүн айтты. Өз кезегинде өкмөт башчы Капиноско ыраазычылыгын билдирди.