Бүгүн, 3-февраль. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.
Парламентте 3 фракция өкмөткө ишенбестик көрсөтүү маселесин карады. "Ата Мекен", "Өнүгүү-Прогресс" жана "Республика-Ата Журт" фракциялары демилгени жабык талкуулашып, жыйынга журналисттер киргизилген жок. Жыйын бүткөндөн кийин гана маалымат беришти.
"Өнүгүү-Прогресс" фракциясы өкмөттү отставкага кетирүү боюнча кардиналдуу кадамдарга барбасы белгилүү болду. Фракция өкмөткө өз каалоосу менен отставкага кетүүнү сунуштады. Ушундай эле сунушту бир күн мурун фракция лидери Бакыт Төрөбаев айткан. Ошентип, Төрөбаевдин ЕАЭБ боюнча айткан катуу сындары парламенттик трибунадан алыс узаган жок. "Өнүгүүчүлөр" спикер Чыныбай Турсунбековду кызматтан чакыртып алууну да талкуулап, бирок бир пикирге келе алышпады. "Республика-Ата Журт" фракциясы ишти өкмөттөн мурун Тайырбек Сарпашев жетектеген Мамлекеттик каттоо кызматынан баштады. Сарпашевди Бакиевдерге тийиштүү мүлктү сатууга күнөөлөп, премьер-министрге анын ээлеген кызматына татыктуулугун карап чыгууну сунуштады. Фракция өкмөттүн ишине ыраазы эмес, ошол эле учурда министрлер кабинетин отставкага кетирүүгө азырынча эрте деген чечимге келди. Азыркы өкмөткө карата "Ата Мекен" фракциясынын позициясы өзгөрүүсүз калды, фракция лидери Өмүрбек Текебаевдин айтымында, кийинки аптада өкмөткө ишенбестик көрсөтүү үчүн кол топтоо башталат. Эгер 40 депутат кол коюп берсе, демилге күн тартибине киргизилиши мүмкүн. Мыйзамга ылайык, өкмөттү отставкага кетирүү үчүн депутаттардын жарымынан көбү же 61 депутат "макул" деп добуш бериши керек. Парламенттик оппозициядагы 3 фракциянын депутаттарынын саны 52, баары өкмөттү кетирүүнү колдогон күндө деле тийиштүү добуш чогулбайт. Ошентип, кечээ бошой түшкөн Сооронбай Жээнбековдун креслосу бүгүн калыбына келе түштү. Азырынча өкмөттү отставкага кетирүү аракетинен майнап чыкчудай эмес...
Өмүрбек Бабанов шайлоолордо административдик ресурс колдонууну кескин сындап, бул ишке карата жазаны күчөтүүнү сунуштады. "Республика-Ата Журттун" лидери кол алдында иштегендерди бийлик партиясына добуш берүүгө мажбурлаган жетекчилерди кызматтан кетирүү зарылдыгын айтат. Административдик ресурстар колдонулбаганда гана жарышка түшчү партияларга бирдей шарт түзүлөт деген пикирде. Бабанов президенттикке талапкерлер шайлоого 300-500 миллион сом жумшаганы жатканын да айтып, бул каражат кайдан келгени, кантип колдонулуп жатканы ачык-айкын болушу керектигин билдирди. Бул боюнча тийиштүү мыйзам долбоору каралып жатканы да белгилүү болду.
Парламенттик жана жергиликтүү кеңештерге шайлоо көрсөткөндөй, биометрикалык маалыматтардын негизинде шайлоо мурдагыдай бюллетендерди урнага топ-тобу менен салып жиберүүгө, "карусель" аталышын алган ыкмаларды колдонууга жол бербейт. Эми ар бир добушту сырттан, шайлоочудан алуу керек болот. Бул жагдай добуштарды сатуу, сатып алууну күчөтөт. Бабановдун "шайлоодо колдонулуучу акча кайдан келгенин ачык-айкын көрсөтүү керек" дегени да ошондон. Күмөндүү булактардан атаандаштарына келиши мүмкүн болгон каражаттарга бөгөт коюуга аракет кылып жатат. Шайлоолордо административдик ресурсту колдонуу Кыргыз жеринде кадимки көрүнүш. 2016-жылдын 11-декабрында өткөн референдум жана жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоодогу көрүнүштөрдү мисал келтирүүгө мүмкүн. Бишкек шаарында студенттер топ-тобу менен шайлоо тилкелерине келип добуш беришкенин, добуш берип чыккандан кийин кимдир бирөөлөргө отчёт берип жатканы тынымсыз айтылып жатты. Бирок "административдик ресурсту колдонду" деп кимдир бирөөлөр жоопко тартылган же административдик ресурс колдонулганы үчүн деп кайсы бир шайлоо тилкесиндеги добуш берүү жыйынтыгы жокко чыгарылган жок. Бул ишти сындагандар соттон утуп чыккан учур боло элек...