Чыңгыз Макешов: "Кыргызстандык жеке ишкерлерди колдоого алуу зарыл"

"Кыргызстандык фирмалардын Кытай жана Индиядан даярдалган жасалма зер буюмдарын кайра эле Кыргызстанга алып келип сатып жатышат",- деп билдирди жеке ишкерлер бирикмесинин мүчөсү Чыңгыз Макешов. 29-арпелде экономикалык кылмыштуулук менен күрөшүүдөгү мамлекеттик кызматтардын ишмердүүлүгүн талкуулоо боюнча өткөн тегерек столдо Макешов Кыргызстандагы жеке ишкерлердин өндүрүмдөрү коргоого алынбай жаткандыгын баса белгиледи.  

 

“Өткөн жылы Кыргызстанда 30га жакын кыргыз тасмалары тартылып, ага мамлекет тарабынан 1 сом да жардам берилген эмес. Тартылган кинолордун баары пираттык жол менен тарап кетип, авторлор көбүнчө пайда таппай калышкан. Аларды коргоого алып, бул иштерди көзөмөлдөш керек. Өзүбүздүн жеке ишкерлердин өндүрүштөгү продукцияларын мамлекеттик көзөмөлгө алуу зарыл”,- деди Макешов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан