“Өнүгүү-Прогресс” фракциясы “өкмөт өз каалоосу менен отставкага кетсин” деген чечим кабыл алды. Бул тууралуу бүгүн 3-февралда SUPER.KG порталына аталган фракциянын депутаты Мирлан Бакиров билдирди.
Анын айтымында, Кыргыз мамлекетинде ЕАЭБ алкагында эркин соода толук кандуу болбой жатканы боюнча, башка макроэкономиканын көрсөткүчтөрүн эске алганда, азыркы өкмөт жетишерлик иштебей жатат.
"Биз оппозиция фракциясы болсок дагы, радикалдуу эмес, конкреттүү фактылардын негизинде "өкмөт өз каалоосу менен отставкага кетсин" деген чечим кабыл алдык", - дейт Бакиров.
Эске салсак, кечээ, 2-февралда парламенттин жыйынында фракциянын лидери Бакыт Төрөбаев өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын ЕАЭБге киргендеги жыйынтыктары тууралуу маалымат бергенде анын өз каалоосу менен кетишин сунуштаган.