Депутат Эгемберди Эрматовдун ордуна Бахбибек Чолджанов келери айтылууда

Жогорку Кеңештин депутаты Эгемберди Эрматов Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы болуп дайындалгандыгына байланыштуу анын ордуна Бахбибек Чолджанов келерин депутат Дастан Бекешев 29-апрелде өзүнүн интернет баракчасына жарыялады. Ал эми Эгемберди Эрматовго байланышканыбызда ордуна ким келерин билбестигин айтты. “Мени бүгүн комиссиянын жалпы жамаатына тааныштырышты. Ал эми мыйзам боюнча менин ордума тизмеде ким болсо, ошол адам келиши керек. Чолджанов тууралуу билбейт экенмин. Себеби тизмеде тургандардын арасында башка кызматка иштеп кеткендери бар да”,- деди ал.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан