2016-жылы 10-мартта Ысык-Көл облусундагы Ак-Суу районунун Орлиное айылынан табылган байыркы жаныбардын сөөгү каражаттын жоктугунан изилдене элек. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын Геология институтунун палеонтологу Айзек Бакиров бүгүн, 3-февралда SUPER.KG порталына кабарлады.
"Биринчиден, бир нече убактан бери Кыргыз улуттук илимдер академиясында жүрүп жаткан реформага байланыштуу байыркы жаныбарлардын сөөктөрүн изилдөөгө мүмкүнчүлүк жарала элек. Себеби академияда реформалар бүтө элек. Буга чейин кайсы институттар биригип, кайсы жакта жайгашары тууралуу так белгилүү болгон эмес. Андыктан сактоочу жайдан алып чыгуу табылга үчүн кооптуу гана болбостон, бизди да убара кылышы мүмкүн. Экинчиден, каражат жок болууда. Сөөктү изилдөө үчүн алгач керектүү заттарды, аспаптарды сатып алуу керек. Тилекке каршы, бизге айлык акыдан тышкары каражат бөлүнбөйт. Ага карабастан, өкмөттү карап отура бербей, каражат табуунун башка жолдорун караштырып жатабыз", - дейт палеонтолог.
Айзек Бакиров учурда кесиптеши менен Германиянын палеонтологиялык уюмуна долбоор даярдап жатканын кошумчалады.
"Мен 1998-жылдан бери Геология институтунда иштейм. Ошондон бери изилдене элек сөөктөр бар. Эгер долбоор колдоо тапса, четинен изилдеп баштайбыз", - деди Айзек Бакиров.
Палеонтолог табылганы бузбай сактап калуу үчүн калдыктар атайын чыңдоо эритмеси менен бышыкталып сыртынан гипстелгенин, транспорттоо үчүн табылга жыгач ящикке сылынып, тегерек-чети амортизацияланып, Бишкекке УИАнын Геология институтуна алынып келингенин айтты.
"Мамонттун баш сөөгүнүн, жаактарынын, тиштеринин сынып калган жүздөгөн майда бөлүктөрүн лабораториялык шартта курап бириктирүү көп убакыт талап кылат. Ушул жумуштар толугу менен бүткөндөн кийин изилдөө мүмкүнчүлүгү болот. Бул иштерден кийин гана мамонттун калдыктары музей көрсөтмөсүнө же коллекциясына берилет. Мамонтко тиешелүү скелеттин башка бөлүктөрү табылган эмес. Аларды, балким, жаныбар өлгөндө жырткычтар талап кеткен же бир убакта жардагы тоо тектер менен чогуу кулап түшүп сууга агып кеткен", - деди Бакиров.
Буга чейин мамонттун жана башка байыркы жаныбарлардын сөөктөрү суу менен агып келип Ысык-Көлдүн жээгинен табылган учурлар болгонун белгилейт ал. Мамонт, жүндүү керик, узун мүйүздүү жапан бука, чоң мүйүздүү бугу, асыл бугу, кулан, этрусстук керик жана башкалардын сөөктөрү Жыргалаң өрөөнүнөн 1930-жылдардан бери табылып келген.
Мындай табылгаларды изилдеген, деги эле илим тармагында эмгек кылгандарга мамлекет тарабынан колдоо көрсөтүлүп, экспедиция сапарларына каражат бөлүнүп, өз убагында заманбап лабораториялык жабдуулар сатылып алынып турса, өкмөттүн илим тармагына салымы чоң болмок.
Белгилей кетсек, Илимдер академиясы илимий изилдөө иштеринен тышкары жогорку квалификациядагы адистерди дайындайт. Алар Бишкектин 12 жогорку окуу жайларында эмгектенишет. Жогорку квалификациялуу адистердин жетишсиздиги курч байкалып жатканда, академия да колдоого муктаж.