Өкмөттү отставкага кетирүү боюнча кол топтоо процедурасы 6-февралда башталат. Бул тууралуу бүгүн, 3-февралда “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Алмамбет Шыкмаматов SUPER.KG порталына билдирди.
Айтымында, 40 депутаттын колу топтолсо, демилге Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында каралат. 61 депутат колдоп добуш берсе, өкмөт отставкага кетиши керек.
Белгилей кетсек, 2-февралда аталган фракция өкмөткө ишенбестик көрсөтүү үчүн кол топтоо аракетин баштай турганын билдирген. Бул маселени фракция бүгүн, 3-февралда жабык эшик артында карады.
Эске салсак, “Өнүгүү-Прогресс” фракциясы да бүгүн “өкмөт өз каалоосу менен отставкага кетсин” деген чечим кабыл алды.