"Элдик парламенттин" мүчөлөрү 12 жылдан 22 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Бүгүн, 3-февралда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда алардын иши боюнча соттук отурум өттү. Анын жүрүшүндө мамлекеттик айыптоо Дастан Сарыгуловду 12 жыл, Кубанычбек Кадыровду 16 жыл, Бектур Асановду 15 жыл, Эрнест Карыбековду үй-мүлкүн конфискациялоо менен 22 жылга эркинен ажыратууну сунуштады. Соттук отурум 9-февралда улантылмакчы.
Эскерте кетсек, 2016-жылдын март айында "Элдик парламенттин" бир канча мүчөсү кармалып, аларга карата кылмыш иши ачылган. Дастан Сарыгулов, Эрнест Карыбеков, Бектур Асанов жана Кубанычбек Кадыров "бийликти басып алууну пландашкан" деген негизде камакка алынышкан.