Алмазбек Атамбаев Швейцариянын тышкы иштер федералдык департаментинин мамлекеттик катчысын кабыл алды

29-апрелде президент Алмазбек Атамбаев Швейцария Конфедерациясынын тышкы иштер федералдык департаментинин мамлекеттик катчысы Ив Россьени кабыл алды. Жолугушуунун жүрүшүндө 2014-жылы ЕККУдагы Швейцариянын төрагалыгынын алкагында өз ара аракеттенүү жана Кыргызстан менен Швейцариянын ортосундагы эки тараптуу кызматташтыктын келечектүү маселелери талкууланды. Ошондой эле Ооганстандан коалициялык аскерлердин чыгышына байланыштуу экстремизмге, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы жана чек аралардын коопсуздугун камсыздоо боюнча кыйла натыйжалуу күрөш жүргүзүү максатында өз ара аракеттенүү маселелери тууралуу сөз болуп, Борбордук Азия аймагы жаңы коркунучтарга жана кыйынчылыктарга туш келиши мүмкүн экендиги белгиленди. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан