Биз социалдык тармакта

"Бухгалтердик эсеп жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү жана толуктоо кирди

Президент Алмазбек Атамбаев “Бухгалтердик эсеп жөнүндө”  мыйзамга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” мыйзамга  кол койду. Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2013-жылдын 14-мартында кабыл алынган. Ал бухгалтердик эсеп жөнүндө мыйзамды эл аралык стандарттардын талаптарына шайкеш келтирүү, чакан жана орто ишкердик менен алектенген мекемелердин каржылык отчётун түзүү жана тапшыруу жол-жоболорун жөнөкөйлөштүрүү максатын көздөйт. Кабыл алынган мыйзамда “Бухгалтердик эсеп жөнүндө” колдонуудагы  мыйзамдын бир катар беренелерине редакциялык мүнөздөгү түзөтүүлөр жана тактоолор киргизилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан