2016-жылы 5868 жол кырсыгы катталып, бул көрсөткүч былтыркыга караганда 16 пайызга аз экени Ички иштер министрлигинин коллегиясында айтылган.
Ал эми каза болгондордун саны 11 пайызга азайган болсо (1060тан 938ге), жараат алгандардын саны 14 пайызга кыскарган (1042ден 892ге). Бирок балдар катышкан жол кырсыктары 10 пайызга өсүп, 1426дан 1575 көбөйгөн жана каза болгондордун саны 33 пайызга өскөнү байкалган (96дан 128ге).
Андагы жол кырсыктарынан каза болгон жаш балдардын катыштыгы мындайча байкалган: жөө жүрүүчү катары 58 пайызга, автоунааларда жүргүнчү катары 37 пайызга, калганы велосипед айдоочусу катары кабылган. Ошондой эле жалпы республика боюнча 668 139 жол эрежесин бузуу аныкталганы белгиленди.