КРнын Жогорку Кеңешине көмөктөшүү боюнча ЮСАИДдин DFID программасынын колдоосу астында парламенттик кабарчылар үчүн “Жогорку Кеңештин ишмердүүлүгүн чагылдыруунун өзгөчөлүктөрү” аттуу 2 күндүк семинар болуп өттү. 27-28-апрель күндөрү парламенттин ишин чагылдыруудагы коомдук кызыгуунун маанилүүлүгүнө көңүл буруу менен, медиа-эксперттер Гүлнура Төралиева жана Марат Токоев семинардын катышуучуларына журналистикалык этиканын ар кыл маселелери боюнча түшүндүрмө беришти. Ошондой эле парламенттик кабарчылардын клубун түзүү идеясы талкууланды. Ал эми кийинки семинар парламент тематикасына кызыккан аймактык ММКлардын кабарчылары үчүн уюштурула турганын ЖКнын маалымат кызматы билдирет.