Бишкек-Кара-Балта трассасынын Новопавловка айыл аймагынан өтчү бөлүгү жазга чейин оңдолбойт. Транспорт жана жол министрлиги бүгүн, 6-февралда SUPER.KG порталына билдиргендей, кыш мезгилинде жол тешиктерин жамоо иштерин жүргүзүүгө болбойт. Техникалык талаптар кышында жол курууга жол бербеси анык. Бирок жазында оңдоло турган жолду эмне үчүн кышында казып салышты? Суроого министрликтен жооп алууга мүмкүн болгон жок.
Бишкек-Кара-Балта трассасынын Новопавловка айыл аймагынан өтчү бөлүгү оңдоп-жамоо иштерин жүргүзүү үчүн 2016-жылдын декабрь айында казылган эле. Ошондон бери жамала элек. Казылган чуңкурлар айдоочуларга ыңгайсыздык жаратып, унаа тыгындары жаралууда. Жолдун казылган аймагынан жүрүүгө дээрлик мүмкүн болбогондуктан айдоочулар унааларын каршы тилкеде айдоого аргасыз. Бул адам өмүрүнө да коркунуч жаратарын айдоочулар өздөрү моюнга алып жатышат. Бүтүн жолду талкалап, 2 айдан бери жамабай жаткан министрлик жол жүрүүчүлөргө атайын түшүндүрмө берген жок.
Белгилей кетсек, Бишкек-Кара-Балта трассасы стратегиялык маанидеги жол. Бишкек-Ош трассасынын бир бөлүгү.
Сүрөттөр 2017-жылдын 10-январында тартылган.