Депутат Карганбек Самаков Нарын облусунда иш сапары менен болду

29-апрелде Жогорку Кеңештин депутаты Карганбек Самаков Нарын облусунда иш сапары менен болду. 

Анда депутат Ак-Талаа районунун Кадыралы айылында болуп, Нуркул Кулназаров атындагы айылдык китепкананын жамаатына 50 миң сом акчалай жардам берди. Андан соң Нарын районунун 8-март айылындагы "Баластан" бала бакчасынын абалы менен таанышып 26 даана керебет, оюнчуктарды белекке берди. Ошондой эле Жумамүдүн Шералиев атындагы музыкалык мектептин эмгек жамааты менен жолугушуп, ал жерде окуп жаткан окуучулардын өнөрлөрүнө күбө болуп, бир катар музыкалык аспаптарды белек кылды. Эл өкүлү мындан башка да бир катар аймактарды кыдырып, жергиликтүү элдин көйгөйлөрүн угуп кайтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан