ТИМ: "Прага шаарындагы жарылууда жабыркагандардын арасында Кыргызстандын жарандары жок"

"Алдын ала алынган маалыматтар боюнча Чехиянын Прага шаарында болгон жарылууда жабыркагандардын арасында Кыргызстандын жарандары жок". Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирет. Бул маалымат 30-апрелге карата алынган. Ал эми мекемелердин урандысынын алдында дагы кишилер бар болушу мүмкүн экендигин Чехия полициясы билдирген. Эске сала кетсек, кечээ, 29-апрелде Прага шаарында жарылуу болуп, 40ка жакын адам жабыр тарткан, төртөөнүн абалы оор. Полициянын маалыматына ылайык, жарылуу газ түтүктөрүндөгү кемчиликтерден улам келип чыккан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан