Ички иштер министрлигинин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү жана Кылмыш иликтөө башкы башкармалыктарынын жетекчилери кызматтан алынышты. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.
Маалыматка караганда, Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкы башкармалыгын Мирлан Каниметов, ал эми Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгын Адилбек Ботобаев жетектеп келген. Министрликтин 3-февралда өткөн коллегиясында ыкчам кызматтык ишмердүүлүгүндөгү кетирген кемчиликтери үчүн ээлеген кызматынан бошотулушкан.
Ошондой эле коллегиянын чечими менен ИИМдин борбордук аппаратынын жана облустук, шаардык жана райондук милициянын отузга чукул жетекчилерине иштеги кетирген кемчиликтери үчүн сөгүш берилип, ээлеген кызмат ордуна ылайыксыздыгы эскертилген.