Бир апта ичинде Бишкекте жүргүнчү ташыган 15 кичи автобус каттамдан чыгарылды

Бишкекте 18-апрелден 26-апрелге чейин техникалык талаптарга жооп бербеген 15 жүргүнчү ташуучу кичи автобус каттамдан четтетилди. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын мэриясынын Шаардык транспорт башкармалыгынын  техникалык көзөмөлдөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан кичи автобустардын техникалык жана санитардык абалы, айдоочулардын жүргүнчүлөрдү тейлөө маданияты дайыма текшерилип турат. Каттамдан чыгарылган кичи автобустар техникалык абалы жакшырганда жана жаңы жабдуулар менен алмаштырылганда гана кайрадан жүргүнчүлөрдү ташуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан