Башкы прокуратура айрым интернет-булактарына чектөө коюу боюнча сотко кайрылды

Айрым интернет-булактарына чектөө коюу боюнча Башкы прокуратура Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотуна кайрылды. Бул тууралуу бүгүн, 8-февралда башкы көзөмөл органдын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, өлкөдөгү интернет-булактарына мониторинг жүргүзүлүп, анын негизинде айрым шилтемелердеги маалыматтардын өспүрүмдөрдүн психикалык ден соолугуна, руханий жана ички сезимине зыян алып келери аныкталган.

"Мындан улам Башкы прокуратура 7-февраль күнү Октябрь райондук сотуна доо арыз менен кайрылган. Анда айрым интернет-булактарына жайгаштырылган маалыматты укукка жат жана өлкө аймагында таратууга тыюу салуу өтүнүчү айтылган", - деп билдирди басма сөз кызматы.

Буга чейин интернеттеги "Синий кит", "Тихий дом" жана башка оюндар өспүрүмдөрдү өлүмгө түртүп жатканы айтылып, коомчулукту дүрбөлөңгө салган. 1-февраль күнү саат 05:00 чамасында Бишкектеги Чыгыш-5 кичи районундагы №13/2-үйүндө 8-класстын окуучусунун 5-кабаттан боюн таштап каза болушу да күмөн ойлорду жараткан. Себеби оюндун эрежесине ылайык, жеңүүчү болуш үчүн өзүн өзү өлтүрүү керек эле. Бирок Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы баланын өз өмүрүнө кол салуусуна дал ошол интернеттеги кооптуу оюн себеп болгонун тастыктай да, төгүндөй да элек. Аны иликтөө иштери жүрүп жатканы менен түшүндүрүшүүдө.

Интернеттеги кооптуу оюндар боюнча мекемелер аралык комиссия түзүлгөн. Анын курамына прокуратуранын, Маалымат технологиялары жана байланыш комитетинин, милиция жана билим берүү башкармалыктарынын өкүлдөрү киришкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан