Бүгүн, 30-апрелде Бишкек шаарындагы Жаш Гвардия бульварында 9-Май - Жеңиш күнүнө карата “Георгиев тасмасы-2013” аттуу акция болду. Иш-чара Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги тарабынан уюштурулуп, быйылкы жылды кошкондо 4-жолу белгиленди. Анда Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери конок катары чакырылып, Бишкек шаарындагы №8-9-13-мектептердин окуучулары келген ардагерлерге чакан ыр-бий тартуулоо менен таазим кылып гүл тапшырышты.
“Акциянын негизги максаты - келечек муунга бейпил жашоо калтыруу үчүн Ата Мекендик согушка катышып, баатырларча курман болгон аталарыбыздын жана арабыздан азайып бара жаткан согуштун ардагерлеринин элестерин түбөлүккө калтыруу”,- дейт Орусия кызматташтыгынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматкери Роман Перфильев.
Өз кезегинде ардагерлер дагы жаштарга, келечек муунга бейпил жашоо, жаркын келечек каалашты. Соңунда келген конокторго жана катышуучуларга “Георгиев тасмалары” таратылды. Белгилей кетсек, “Георгиев тасмасы” – кара жана саргыч түстө болуп, кара түс – түтүндү билдирсе, кызгылтым түс – отту, жалынды түшүндүрөт.