Нур Өмүрбаев: "ШКУнун саммитин өткөрүү үчүн Бишкектеги филармонияны оңдоо керек"

Шанхай кызматташтык уюмунун саммитин өткөрүү үчүн Бишкектеги Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармонияны оңдоо керектигин бүгүн, 30-апрелде  ЖКнын Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин жыйынында аталган мекеменин оркестрини жетекчиси Нур Өмүрбаев билдирди. Айтымында, 2008-жылы да ШКУнун саммити өткөндө филармонияда оңдоо иштери жүргүзүлгөн. 

 “5 жыл ичинде мекеменин абалы начарлады. Биз залдарды ижарага берип жатабыз, бирок андан түшкөн каражаттар оңдоо иштерине жетпейт. ШКУнун деңгээли жогору, уят болбошубуз керек”,- деди ал.  

Аталган комитеттин төрагасы Каныбек Осмоналиев жардам суроо үчүн саммиттин уюштуруу комитетине кайрылуу керектигин белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан