21-28-апрель күндөрү кыргызстандык делегация Германияда өткөн “Кыргызстандагы Бавариянын мамлекеттик жана муниципалдык чөйрөсүнүн тажрыйбасына негизделген административдик реформалар боюнча сунуштамалар” аттуу семинарга катышты. Семинарга өкмөттүк жана президенттик аппараттын өкүлдөрү, Мамлекеттик кадр кызматынын, Чүй облустук мамлекеттик администрациясынын, Кыргызстандын Германиядагы элчилигинын кызматкерлери катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар Бавариянын административтик округдарын кыдырышып, Германиянын мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу системи менен таанышышты. Германиядагы кыргыз диаспорасы Бавариядагы облустук жана райондук башкармалыктын жетекчилери, окуу жайлардын ректорлору менен жолугушуп, мамлекеттик башкаруу системи тууралуу пикир алмашты.