Бишкек шаарындагы “Жашылдандыруу” муниципалдык ишканасы 5-майдан тартып баш калаанын бак-дарактарына биологиялык дарылоо жүргүзүлө турганын кабарлады. Маалыматка ылайык, учурда зыяндуу курт-кумурскалар менен күрөшүү иштери кызуу жүрүп жатат. 500 гектар аянтка зыянкечтерге каршы феромондук желимдүү кагаздарды чаптоо белгиленүүдө. Бардыгы болуп 5 миң желимдүү кагаз сатылып алынса, бүгүнкү күндө 4,2 миң кагаз чапталды. Ошондой эле 3,5 гектар аянттагы бак-дарактарды “лепидоцид” дарысы менен дарылоо иштери башталат. Белгилей кетсек, Бишкекте бак-дарактар отургузулган аянттын жалпы көлөмү 4 миң 860 гектарды түзөт.