Улуттук тил комиссиясынын төрагасы депутаттарга төш белги тапшырды
КРнын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Эгемберди Эрматов ЖКнын Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин бүгүнкү, 30-апрелдеги отурумунда кыргыз тилинин өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн бир катар депутаттарга “Кыргыз тили” төш белгисин тапшырды. “Бул депутаттар кыргыз тили жөнүндө мыйзамды кабыл алууда, башка учурларда да абдан активдүү аракет жасашат. Алардын ичинен Галина Скрипкина учурда кыргыз тилин үйрөнүүдө”,- деп кошумчалады ал. Айта кетсек, Улуттук тил комиссиясынын төш белгиси менен депутаттар Каныбек Осмоналиев, Гүласал Садырбаева, Галина Скрипкина, Элмира Жумалиева, Бөдөш Мамырова, Жылдызкан Жолдошовалар сыйланышты.