Александр Кулинский: "Маданият жөнүндө жаңы мыйзам жазуу керек"

Бүгүн, 30-апрелде ЖКнын Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин жыйынында Ч.Айтматов атындагы Орус драма театрынын жетекчиси Александр Кулинский “КРнын Маданият жөнүндө" мыйзамы эскиргенин айтты. Ал билдиргендей,  жаңы мыйзам долбоорун жазуу - учурдун талабы.  

Маданият жөнүндөгү учурдагы мыйзамда беренелер толук эмес. Мисалы, кинематография тармагы 12 пайыз кошумча нарк салыгын төлөйт экен. Алар өздөрү акча коротуп кино тартышат. Ал эми китеп жазгандар салык төлөбөйт. Ошондой эле бюджеттен бөлүнгөн акчанын 86 пайызы айлык акы болуп берилет экен, ал эми маданиятты өнүктүрүүгө каражат дээрлик жок”,- деди ал.  

Мындай пикирди кубаттаган депутат Каныбек Осмоналиев эски мыйзамды жамаачылай берүү туура эмес экенин айтты. “Маданият министрлиги, маданияттын мыкты ишмерлери, маданий уюмдардын жетекчилери биригип жаңы мыйзамдын долбоорун сунуштасаңыздар туура болот”,- деди эл өкүлү. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан