Бишкек шаарынын көчөлөрүндөгү эскирген жана талапка жооп бербеген 80 даана көрнөк-жарнак алынды. Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, 26-апрелде шаардын Юнусалиев, Медеров, Кулатов, Ж.Пудовкин, Абдрахманов, Элебесов, Жибек Жолу көчөлөрүндө рейд жүргөн. Мындай иш-чаралар мэриянын “Бишкек шаарынын көркөм-эстетикалык көрүнүшүн жакшыртуу чаралары” токтомунун негизинде уюштурулууда.