Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков кыргызстандыктарды 1-Май – Эмгекчилердин эл аралык тилектештик күнү менен куттуктады. Анда төрага мамлекеттин өнүгүүсү, коомдун бакубат турмушу, социалдык теңчиликти камсыздоо эмгек аркылуу гана жараларын билдирген. “Эмгек элге береке алып келет, келечекке илгери үмүт байлайт. Эмгек менен дөөлөт үзөңгүлөш жүрөт. Ушу тапта Кыргызстанда көптөгөн кыйынчылыктарга карабастан, парламенттик демократия жолуна түшүү менен, ачык коомду куруп жатабыз. Алдыда өнүккөн мамлекетти, адилет коомду куруу милдети турат. Ал үчүн кажыбас кайрат, жигердүү аракет, ынтымак менен ырашкердик керек. Эмгек майрамыңыздар менен! Жаз баарынан айтсын, эмгек үзүрүн көрүп, мээнет акыбети кайтсын! Жараткан бизди байгер өлкөдө бардар жашоого жеткирсин!” - деп жазылган куттуктоодо.