Тайырбек Сарпашев кызматтан убактылуу кетүү боюнча арыз жазды. Бул тууралуу бүгүн, 13-февралда Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы маалымат жыйыны учурунда билдирди.
Анын айтымына караганда, бүгүн эртең менен өкмөт башчыга арыз жазган.
"Бүгүн менин ишим боюнча мекемелер аралык комиссия түзүлдү. Ага ылайык мен убактылуу кызматтан кетип туруу боюнча арыз жаздым. Түштөн кийин өкмөт башчы аны канааттандырат деген үмүттөмүн. Комиссия бир айдын ичинде жыйынтык чыгарат. Дагы бир жолу айта кетсем, жердин камактан чыгарылышы боюнча менин же Мамлекеттик каттоо кызматынын катыштыгы жок", - дейт Сарпашев.
Башкы прокуратура Максим Бакиевдики делген Скрябин көчөсү, 45-45-а дарегинде жайгашкан жердин аресттен чыгып, сатылып кетишине жол ачкан Бишкектин Мамлекеттик каттоо мекемесинин чечимдерине байланыштуу 9-февралда "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу", "кызматтык жасалмалуулук", "далилдерди жокко чыгаруу", "мамлекеттик сыйлыктарды, мөөр, бланкаларды, документтерди жасоо, колдонуу, сактоо" беренелери менен кылмыш ишин козгогон.