Бүгүн, 30-апрелде президент Алмазбек Атамбаев Орусиянын баңгизаттарды жүгүртүүнү көзөмөлдөө боюнча федералдык кызматынын (БКФК) башчысы Виктор Ивановду кабыл алды. Жолугушуунун жүрүшүндө Борбордук Азия аймагында баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө байланышкан кырдаал, анын ичинде Ооганстандан чыгып жаткан баңгизат коркунучтарына байланыштуу маселелер талкууланды. Ошондой эле баңгизатына байланышкан мыйзамсыз иштерди алдын алууда Кыргызстан менен Орусиянын күч түзүмдөрүнүн биргелешип чара көрүүсү керектиги тууралуу сөз болду.